Эске салсак, «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов 13-апрелде Кыргызстанга кайтып келерин соцтармактар аркылуу жарыялаган. Анын тарапкерлери бул күнү Бабановду Бишкек шаарында жана башка аймактарда ири митингдерди уюштуруу менен тосуп алышарын кабарлашкан. Бишкектин мэриясы 13-апрель күнү Бабановдун тарапкерлеринин митингине Эски жана борбордук аянттарда уруксат бере албасын билдирип, аларга митингди Горький багында өткөрүүнү сунуш кылган.