Путин жылына канча киреше табат?

226

Россиянын президенти Владимир Путиндин 2018-жылы тапкан кирешеси 8 миллионго төмөндөдү. Бул туралуу жергиликтүү басылмалдар жарыялады. Маалыматка ылайык, Путиндин 2017-жылы тапкан кирешеси 18 миллион 728 миң рубль болсо, ал эми өткөн жылы 8 миллион 648 миң рублды түзгөн

Өкмөт башчы Дмитрий Медведевдин кирешеси 9 миллион 917 миң рублды түзгөн. Жургиликтуу басылмалардын маалыматына караганда, Россияда Путиндин өзүнө таандык 2 квартирасы, 2 авто гаражы жана 3 унаасы бар.

Ал эми Медведевдики 367,8 чарчы метрлик квартирасы жана 2 унаасы бар.

Россиянын Өнөр жай жана соода министри Денис Мантуровдун 443 миллион 384 миң рублдык тапкандары менен өлкөдө өткөн жыл эң көп киреше тапкан министр болду.

2-орунда 183 миллион 778 миң рублдык кирешеси менен Россиянын Айыл чарба министри Дмитрий Патрушев орун алды.

Россиянын Коргоо министри Сергей Шойгу өткөн жылы 11 миллион 532 миң рубль тапса, Тышкы иштер министри Сергей Лавровго 7 миллион 340 миң рубль киреше кирген.

Булак “zaman.kg”

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь