Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Жаныбек Исаков менен болгон маек.
– Жаныбек Маматович, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбеков “2018-жыл региондорду өнүктүрүү жылы” деп жарыялаган Жарлыгынын алкагында аткарылган иштерге токтоло кетсеңиз?
– «Аймактарды өнүктүрүү жылынын» алкагында атайын иш чараларды иштеп чыгып, анда жумуш орундарын түзүүгө артыкчылык берилген. Өткөн жылы райондун аймагында 54 кичи ишкана ачылып, жалпы сметалык басы 457,88 млн. сомду түзүп, 284 жумуш оруну түзүлдү. Ал эми салык жыйымдары боюнча белгиленген план тапшырманы 100,2% га аткарып, мурунку жылга салыштырмалуу өсүү темпи 52,892 млн. сомду түздү.
Райондун аймагында билим берүү, айылдардын инфратүзүмдөрүн жакшыртуу, табият кырсыктарын алдын алуу боюнча бир топ алгылыктуу иштер аткарылды. Маселен, билим берүү тармагында Орозбеков айыл аймагында республикалык бюджет эсебинен сметалык баасы 53млн. сомдук 275 орундуу «Көлдө», Бирлик айыл аймагынын Сырт айылында сметалык басы 43,113 млн. сомдук 375 орундуу «О.Тешебаев» орто мектептери пайдаланууга берилди. Анан дагы түрткү берүүчү гранттын эсебинен райондо 5 кичи футбол аянттары курулуп жалпы сметалык басы 15,4 млн сомду түздү.
Мектепке чейинки билим берүү тармагы. Халмион айыл аймагында 100 жана 50 орундуу балдар бакчасы, Майдан айыл аймагынын Кара-Жыгач айылына 100 орундуу «Гүл бакча-Исфайрам» бала бакчасы курулуп ишке киргизилди.Саламаттыкты сактоо тармагында жалпы сметалык баасы 3,8 млн. сомдук 2 ФАП, 2,6млн. содук 1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты пайдаланууга берилип, элге кызмат кылууда.
Айыл өкмөттөрү чет элдик уюмдарга долбоорлорду жазышып, кошумча каржы булактарын табышууда. Маселен, өткөн жылы айыл өкмөттөр 6 даана айыл чарба техникаларын алышты. Жалпы узундугу 64 чакырымга түнкү чырактар орнотулду. Бул иш чарага 13,0 млн. сом жумшалды. Элди таза суу менен камсыздоо максатында өткөн жылдын ичинде Марказ айыл аймагында 2,8 млн. сомдук 7,2 чакырымга, Халмион айыл аймагында 1,5 млн. сомдук 2,7 чакырымга, Кыргыз-Кыштак айыл аймагында 1,8 млн. сомдук 3,0 чакырымга, Бирлик айыл аймагында 0,505 млн. сомдук 3,8 чакырымга, Уч-Коргон айыл аймагына 1,05 млн. сомдук 5,0 чакырымга таза суу түтүкчүлөр тартылып, 35 даана трансформаторлор орнотулду. Мына ушул иштердин бардыгы республикалык, жергиликтүү бюджет жана мамлекеттик эмес уюмдардын каржылоосу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мекеме ишканалардын биргелешкен аракеттеринин аркасында жүзөгө ашырылды.
Ушул эле жылы «Север сталь» ЖЧКсы менен биргелешип иш алып бару жөнүндө баасы 7,0 млн. АКШ доллардык келишимге (жөнөкөй шериктештик келишими) кол коюлуп, сымап, сурма, флюорит өндүрүп чыгаруу боюнча инвестициялык долбоор түзүлүп өндүрүштү жандандыруу иштери жүргүзүлүүдө. Жыл ичинде өндүрүштө жандандырууга аталган инвестор тарабынан 130,0 млн. сом акча каражаты жумшалып 2018-жылдын 25- мартынан тартып кен казып алуу иштери башталып 4789,3 тонна жер астынан кен казылып алынды. Комбинат тарабынан 2018-жылдын жыйынтыгы менен товардык продукция өндүрүмүнүн көлөмү 150,1 млн. сомду түзүп өткөн жылга салыштырмалуу 25 эсеге же божомол планга салыштырмалуу 140,0 млн. сомго продукция көп өндүрүлдү.
– Ал эми “2019-жыл аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү” жылына карата райондо жасала турчу негизги иш-аракеттерди атап өтсөңүз?
– 2019-жылды Президентибиз Сооронбай Жээнбковдун «Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» деп жарыялашы, элеттин маселелерин узак мөөнөттүү иш-чара катары белгилеп башкаруу бийликтерине конкреттүү милдеттерди коюп жатканы жакшы жөрөлгө. Ар бир тармакты санариптештирүүнү жолго салуунун өзү өнүгүүнүн өзөгүн түзөт. Себеби, маалыматтык технологиянын заманында бул өтө зарыл нерсе болуп турат.
Райондук мамлекеттик администрация жергиликтүү бийликтин башчылары, коомчулук менен бирге атайын иш-чараларды иштеп чыгып, максаттарыбызды аныктап жатабыз. Анын айрымдарына токтолсом, Кыргыз мамлекетинин түптөөчүлөрүнүн бири, Чыгаан инсан Абдыкадыр Орозбековдун 130, районубуздун уюшулгандыгынын 80 жылдыгын жогорку денгээлде өткөрүү, райондо туризм тармагын өнүктүрүү айыл чарба жерлерин эффективдүү пайдалануу, карлик көчөттөрүн өстүрүүнү жайылтуу, тамчылатып сугаруу системасы сугарылуучу жер аянттарын көбөйтүү, малдардын асыл тукумдуулугун жогорулатуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын дотациядан чыгаруу, аймактардагы инфраструктураны жакшыртуу, айылдарды таза суу менен камсыздоо, ички жолдорду оңдоо жана башка ушул сыяктуу ири максаттарыбыз бар.