13-апрелде нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Ашхабад шаарында сел жүрдү. Айрым маалымат булактардын маалыматына караганда турак жайларды суу каптап, автоунааларды агызган.
Учурда кырсыктын кесепеттерин жоюуу аракеттери жүрүп жатат. Мындан сырткары Мир-4 кичи районунда сел соода борборлорунун жана турак жайлардын жер төлөлөрүн каптаганы айтылууда.