Бүгүн Жогорку Кеңештин Социалдык иштер боюнча комитетинин жыйыны депутаттардын айтышы менен башталды. Эл өкүлү Евгения Строкова кесиптеши Тазабек Икрамовдун комитеттин төрага орун басары болуп отурушуна нааразы болду.
Ал төрайымга кайрылып Икрамовдун комитеттеги ордунун мыйзамдуулугун аныктагыча, ага модераторлукту бербөөнү талап кылды. Ошондой эле депутат айым Тазабек Икрамовдун орой мамилесин дагы айтып өттү.
Өз кезегинде Икрамов жооп кайтарып, Аида Исмаилова жана Евгения Строкованын ишин туура эмес баалап, алардын өз билемдик менен саламаттык сактоо министрлигинин ишин текшерүүгө алгандыгын сындады. Аларга “Силер эмне прокурорсуңарбы?” -деген ачуулу суроосун узатты.
Эки депуаттын айтышы “өз кызыкчылыгыңды гана ойлойсуң” деген бири-бирин күнөөлөөө сөздөр менен уланды.