Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмдарынын изилдөөлөрүнө карганда Кыргызстанда тамеки чеккендин саны өскөн. Бул тууралуу бүгүн саламаттыкты сактоо министрилигинин Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.
Анын маалыматына караганда эркектер арасында 48%, ал эми айымдар арасында 2%ды түзөт. Тилекке каршы акыркы убактарда студенттер жана окуучулардын арасында тамеки чегүү жогорулагыны байкалган.
Эске салсак, бүгүн Бишкекте Кыргызстандын тамекиге каршы мыйзамдарын эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү маселеси талкууланды. Жыйында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун конвенциясы жана Кыргызстандагы абал тууралуу кеңири сөз болду. Иш-чарага Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстан сыяктуу көп өлкөнүн депутаттары катышып, өз ойлорун ортого салды.