Мурат Суталинов соттук отурумга келген жок

124

Бүгүн УКМКнын мурдагы жетекчиси Мурат Суталиновдун соттук иши каралып жатат. Бирок Суталиновдун өзү сотко келген жок. Анын себебин адвокаттары Майрамбек Жумабеков менен Тимур Карабаев айыпталуучунун ден соолугунун начарлоосу менен түшүндүрүштү. Иш Бишкек шаардык сотунда каралууда.

Буга байланыштуу соттук териштирүү 7-майга жылды. Буга чейин, 9-апрелде болгон соттук отурумда дагы дарыгерлер Суталиновдун дартын “Түрмө шартынада дарылоо мүмкүн эмес”, деп айтышкан. Ал эми жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлү да Суталиновдун “оорусунан айыгат деген үмүт аз» деп билдирген.

Адвокаттар дарыгерлердин «Суталинов өсмө оорусуна чалдыкканы жана дарты өтүшүп кеткени» жөнүндө корутундусуна таянып, түрмөдөн чыгарууну соттон өтүнүшкөн. Быйыл 15-февралда Бишкектин Ленин райондук соту бул өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартып койгон.

2010-жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти жетектеп турган Суталинов ошол жылдагы Апрель окуясындагы кан төгүүгө байланыштуу айыпталып, 20 жылга соттолгон.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь