Статком: Орточо эсеп менен бир айлык жашоо 4681сомду түзөт

245

Кыргызстанда жашаган жарандар 1 айда 4681 сом коротот. Бул боюнча Улуттук статистика комитети жарыялады. Андагы маалыматка ылайык, Кыргызстанда жашаган жарандар айына 5000миңге жакын акча менен күн көрүп, ал көрсөтүлгөн сумма тамак-аш жана башка керектөөлөөрүнө толук жетет. Эң жогорку каражат Жалал-Абадда 5036 сомду түзсө, эң төмөнкү Таласта 4186 сом эсептелет.

Бир айлык жашоого керектелүүчү каражаттын ичине төмөнкүлөр кирген.

Тамак аш каражаттары – 3042 сом;

Үй каражаттары – 749 сом;

Түрдүү кызмат акы – 795 сом;

Салык – 93 сом;

Белгилей кетсек, бул көрсөткүч өткөн жылы 4884 сомду түзгөн эле. Ушул жылдагы көрсөткүчтөн 203сомго көбүрөөк болгон.

Кыргызстандын пенсионерлери үчүн бир айлык жашоосуна 4168 сом кетээри айтылды. Пенсионерлер үчүн жогорку көрсөткүч Ошто – 4326 сом эсептелинген.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь