Сууга чөгүп кеткен балдар табылбай жатат

202

11-апрель күнү саат 18:25 чамасында Чүй облусунун Аламүдүн районунун Константиновка айылындагы Ат-Башы каналына 2014-жылы туулган Б.Б. аттуу бала чөгүп кеткен.

Аны издөөгө куткаруучулар тартылып, бирок жыйынтык чыккан эмес. Бүгүн дагы издөөгө жалпы 99 куткаруучу тартылып, Ат-Башы каналын жана Чу дарыясында издөө иштерин жүргүзүшүүдө.

Ошондой эле, Жалал-Абад облусунунун Аксы районунун тургуну 2-апрелде Кара-Суу дарыясына чөгүп кеткен боюнча дайынсыз. Ал 1993-жылы туулган С. уулу К. аттуу эркек бала экени тастыкталган.

Бүгүнкү күнгө чейин издөө уланууда.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь