Чүйдө 75 жаштагы абышканы өз небереси өлтүрүп

302

Чүй облусунун Аламүдүн районунда 75 жаштагы абышканы өлтүрдү деп шектелип анын 18 жаштагы небереси жана анын 17жаштагы шериги кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, зомбулук менен өлтүрүлгөн эркектин сөөгү 11-апрелде табылган. Ыкчам иликтөөнүн натыйжасында маркумдун 18 жаштагы небереси менен анын 17 жаштагы жигити шектүү катары кармалган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, алар үйдөн бир нерсени уурдап баратканда чоң атасы билип калып, каршылык көрсөткөн. Ошол маалда ага бир нече ирет бычак урулганы айтылууда. Бул окуя боюнча учурда тергөө иштери башталды

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь