“Өмүрбек Бабановдун элдин тынчылыгын ойлоп, өзүнүн аброюна шек келгенине кайыл болду. Бул кадам, тескерисинче, акылы менен достошкон адамдар үчүн жакшы феномен! Бузукулар айта беришет да. Эмне кан төгүлүп, уул-кыздарыбыз жабыр тартыштары керек беле? От менен ойнобоңуздар дейт элем, кээ бир катуу кетип жаткан «азаматтарга. Бабановдун ортодо оюнчук кыла салып, өздөрүнүн купуя тилектерин ишке ашырабыз дегендердин тилектери таш капты. Ооздорунан алдыргандай болуп отуруп калышты. Ошондуктан, Бабановду мүмкүн болушунча каралап жатышат»”. Мындай пикирин коомдук ишмер Каныбек Осмоналиев “Еlgezit.kg” электрондук гезитине болгон маегинде билдирди. Анын баамында Бабановдун өлкөгө келбей калышына кызыктар адамдар, такталбаган маалыматтарды жеткирүү менен каралоону максат кылып жатышат.
Эске салсак, Өмүрбек Бабанов социалдык тармак аркылуу өлкөгө келээрин жар салып, билетинин сүрөтүн жарыялаган. Бирок 13-апрель, тагыраагы Бабанов Кыргызстанга учуп келээр күнү массалык маалымат каражаттары аркылуу оюнан баш тартканын айткан. Мындай кадамы интернет айдыңында бир топ карама-каршы пикирлерди жаратты.