Бул видео 15-апрелде Ютуб каналына жүктөлгөн. Анда айдоочу унааны каршы тилкеге чыгып айдаганын байкоого болот. Видеону айдоочунун өзү тартып, социалдык тармакка жүктөгөн. Андан улам жарандын бул кылыгы мыйзамды буздубу? Жол кыймылы коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы билдиргендей айдоочу жол эрежесин бузду. Ага 3000сомдон 5000сомго чейин айып пул салынышы керек.