Париждеги Нотр-Дам-де-Пари чиркөөсүнүн чатыры толугу менен урап түштү. Тасмада жалындаган өрт чатырды толугу менен каптап кеткенин байкоого болот.
Маалыматка ылайык, өрт болжол менен саат 18:30дар чамасында башталган. Кырсыктын келип чыгышына имараттын ичиндеги оңдоо иштери жүрүп жатканынан улам катталышы ыктымал экени айтылган.
Учурда өрт өчүрүү кызматы тыкыр иш алып барып жаткан кези.