“Мекен шейиттери” коомдук бирикмесинин өкүлү Гүлмира Абдылдаева жана “Айкөл таза коом” өлкөдөгү координаторлору маалымат-жыйын өткөрүп, анда Алмазбек Атамбаевдин 7-апрелде форумда сүйлөгөн сөзүнө нааразы болушту.
Гүлмира Абдылдаеванын айтымында, мурдагы өлкө башчы 7-апрелде курман болгондорго куран окутуп гана тим болбостон, провокациялык өйдө-төмөн сөздөрдү сүйлөгөн.
“Тынч жаткан элди дүрбөлөңгө салып, жалган сөздөрү менен провокация кылды. Ошол күндөрү абалды курчутуп албайлы деп тилибизди тишибизге катып отурдук. Эки айдан кийин митингге чыгабыз дегенине абдан нааразыбыз. Атамбаев акчага тойбой атабы же балдардын канына тойбой атабы? Эгер митинг боло турган болсо, биз каршы чыгабыз.Үй-бүлөбүз менен чыгабыз.”
Бийликти талашкыдай Атамбаевдин атасынан калган мурас беле деген Абдылдаева элди чагымчылдыкка алдырбай, тынч жашоого чакырып өттү.
Ал эми Нарын облусунун өкүлү Бакыт Рахманов коогалаңда ок тийгенин айтып, Атамбаев убагында жардамын берген эмес дейт. Себеби, жанында жүргөн М.Мискенбаев, Ф.Ниязовдор алардын көйгөйүн жеткирген эмес.
“Азыркы бийлик алардын ок тийип “баатыр” болгондугуна карабай жазаласын”