Ички иштер министрлиги, Транспорт жана жол министрлиги, Мамлекеттик экотехинспекциясы жана Саламаттык сактоо министрлиги эң жемкорлошкон мамлекеттик органдар. Мындай маалыматты Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеште комитеттик жыйында айтты.
Коррупцияга барган мекемелердин катарында Билим берүү жана илим министрлиги, Мамлекеттик салык кызматы жана Мамлекеттик коргоо комитети дагы бар экени айтылды.
«Мыйзам бузуу Юстиция, Экономика жана Финансы министрлигинде аз катталган. Бул негизинен бизге келип түшкөн арыздар менен текшерүүлөрдүн жыйынтыгында аныкталды», — деди Өткүрбек Жамшитов