Кыргызстанда 70 900 адам жумушсуз жүрөт

280

Кыргызстанда 70 900 адам расмий түрдө жумушсуз катары каттоодо турат. Бул тууралуу 15-апрелде Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтысууна карганда, ал жетектеген министрликте каттоодо тургандардын гана саны. Ал эми Улуттук статистика комитетиндеги маалыматтарды кошкондо алардын саны 174 000 адамга жетет. Ошондой эле, министри аталган министрликке жыл сайын өлкөдө жакырчылыкты бир пайызга азайтуу боюнча милдеттенме жүктөлгөнүн жана ал үчүн атайын улуттук долбоор иштелип чыкканын кошумчалаган. Ал долбоор жумушсуздукту азайтат.

Ал эми улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, республикадагы элдердин 1 млн. 600 миңи жакыр жашайт, алардын 72% элет жерлеринде.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь