Фейсбук колдонуучусу Мундузбек Таабалдиев баракчасына кыргыз улуттук кийимин кийген чет өлкөлүк жарандын сүрөтүн жарыялады. Автор сүрөткө “Метродо баратсам отурат момпоюп. Тарс эле барып селфи плиииз, чиииз десем жылмаятго бала. Кыргыздын улуттук кийимдерин жакшы кылып кийип алыптыр. Таганскаядагы кыргыз шоурумдан алганго”,деп жазган.