Президент Сооронбай Жээнбеков 15-апрелде Германиянын Мюнхен шаарында «Кыргызстан жана Бавария: инвестициялык мүмкүнчүлүктөр» кыргыз-герман бизнес-форумунда сөз сүйлөдү. Анда өлкө башчы:
“Кыргызстан — экологиялык таза агрардык азык-түлүктөр өлкөсү. Биздин максатыбыз — ушул жакшы атыбызды сактап калуу жана сапаттуу азык-түлүктөрдү Европанын, анын ичинде Германиянын да базарларына жеткирүү”,-деп билдирди
Андан тышкары Германиянын ишкерлер чөйрөсүнүн көңүлүн төмөндөгүлөргө бурду:
“Өлкөбүздүн географиялык жактан жагымдуу жайгашуусу, бай жаратылыш ресурстары жана тажрыйбалуу, арзан жумушчу күчү — биздин табигый артыкчылыктарыбыз болуп саналат. Өлкөдөгү ийкемдүү билим берүү системасы кыска мөөнөттүн ичинде керектүү персоналды даярдай алат. Биз жагымдуу инвестициялык климатты, саясий жана макроэкономикалык туруктуулукту түзө алдык”-деди президент
Белгилей кетсек, учурда президент расмий иш сапары менен Германияда жүрөт.