Президент Сооронбай Жээнбеков 15-апрелде Мюнхен шаарында Германияда окуп жана иштеп жаткан кыргызстандыктар менен жолугушту.
“Былтыр мекендештердин форумуна катышкан кыргызстандыктар көптөгөн сунуштарды айтышты. „Мекендештер“ Форуму жолугушуулар жана пикир алмашуулар үчүн жакшы аянтча болуп калды. Форумдун жыйынтыктары боюнча КР Президентинин алдында мекендештер Кеңеши түзүлгөн. Анын мүчөлөрү менен быйыл жолугушам. Биз сиздердин ийгиликтериңиздерге жана жетишкендигиңиздерге ар дайым кубанычтабыз „, — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Германиядагы мекендештер Мамлекет башчысына негизинен виза, билим берүү, саламаттык сактоо, улуттук маданиятты, адабиятты, анын ичинде Ч. Айтматовдун чыгармаларын жайылтуу, инвестицияларды тартуу, Кыргызстандагы инвестициялык климатты жакшыртуу, айыл чарбасын өнүктүрүү, ‚Мекен карт‘ долбоору, Кыргызстан менен Германия ортосундагы эки тараптуу мамилелерди күчөтүү, эки өлкө ортосунда түз каттамды ачуу маселелерине байланыштуу суроолорду беришти.
Мекендештердин суроолоруна Президент Сооронбай Жээнбеков, тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков, КР Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Кыргызстандын Германиядагы Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эринес Оторбаев, КР экономика министри Олег Панкратов жооп беришти.