Кыргызстанда иштеп жаткан тармактык маркетинг аркылуу соода кылып жаткан компаниялардын ишмердигинен жапа чегип Кыргызстандын муфтиятына кайрылган жарандар көп болгондуктан, муфтият жакында тогуз бөлуктөн турган Фатва иштеп чыккан. Кыргызстандын аймагында иштеп жаткан лигалдуу же лигалдуу эмес компаниялардын бардыга эми муфтиятка кайрылып өз ишмердүүлүгү адал экенин тастыктоочу документти алууга укуктуу болот.
“Элдик талкуу ” программасына Муфтияттын фатва болумунун адиси Бактияр Токтогазы уулу ” Бул жаатта азыр Кыргызстандын аймагында иштеп, тармактык маркетинг атын жамынып элди алдап акча таап жаткан компанияларга каршы фатва иштелип жаткандыгын билдирди.Эми мыйзамдуу иштер турган компаниялар өздөрү муфтиятка кайрылып аталган 9 талапка чындап жооп берээрин далилдеши керек. Ошондо гана алардын ишмердүүлүгүн адал же арам деп аныктап беребиз”,-деди
Чындап эле Тармактык маркетинг – бай болуунун оңой жолубу? деген сурообузга тармактык маркетинг боюнча адис, жеке ишкер Муратбек Жусуев ” Тармактык маркетинг жаатындагы соода сөзсүз түрдө талыкпаган эмгекти талап кылат. Эгер өзүң жазылып койсоң эле акча чыга берет деген убада, куру сөз” ,-дейт.