Футболдун легендасы аталган Пеле каза болду деген маалымат калп

376

Дүйнөлүк футболдун легендасы аталган Пеле аман-эсен тирүү экендигин чет элдик басылмалар жазып чыкты. Белгилүү болгондой буга чейин анын каза болгондугу тууралуу так эмес маалыматтар тарап кеткен.

Бразилиянын курамында футбол боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону болгон Пеле ишемби күнү бөйрөгүндөгү таштарды тазалоо операциясынан кийин ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Сан-Паулудагы Альберт Эйнштейн атындагы оорукананын сайтында айтылат.

Пеле 9-апрелде ооруканага келип түшкөн. Дарыгерлер 78 жаштагы футболчунун бир бөйрөгү жоктугунан дагы коркушкан. Бирок азыр дарыланып жакшы абалда чыккандыгын маалымдашкан.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь