Ангела Меркель Мюнхенде өткөн кыргыз-герман форуму экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө түрткү болооруна ишеним билдирди

“Биз бул тандоону урматтайбыз. Элдин бакубатчылыгы өнүккөнү маанилүү жана биз бул жагынан сиздерге жардам бергенге даярбыз. Азыр сиздердин экономикалык көрсөткүчүңүздөр жаман эмес. Дүйнөлүк тенденцияны эске алганда 5 пайыздык өсүш жаман эмес”, – деп белгиледи Ангела Меркель.

Ал Кыргызстандын демократия жолу менен бара жатканына канааттануу билдирип, бул багытта жана башка чөйрөлөрдө кызматташтык улана турганын белгиледи.

“Мен сиздердин агрардык сектордогу кооперативдерди өнүктүрүүнү колдоо боюнча өтүнүчүңүздөр тууралуу маалыматым бар. Биз бул чөйрөдө кызматташа алабыз, фитосанитария, азык-түлүк коопсуздугун жана айыл чарба азык-түлүктөрүнүн сапатын камсыз кылуу жана жашыл технологиялар багыты боюнча консультацияларды берүүгө даярбыз ”, – деди ал.

Президент Сооронбай Жээнбеков 16-апрелде Германияга расмий визитинин алкагында Германиянын канцлери Ангела Меркель менен жолугушту. Анын алкагында ондогон документке кол коюлуп, 1 млрд евролук келишимдер түзүлдү

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 41