Жылдыз Осмонова фейсбук баракчасына Анталиянын клиникасында жаткан Айнура аттуу айымдын туугандарын издеп, пост жазды. Анда
“2 күндөн бери WhatsAppтан бир эже Анталиянын клиникасында жаткан Айнура эже тууралуу жазып жатат.
Туугандары дайынсыз экен.
Турцияда иштеп жүрүп, цирроз печени оорусуна кабылып, чыдабай калганда келиптир клиникага. Ошол жердеги кыргыздар колунан келген жардамын берип жатышат.
Чачылып ар кайсы өлкөдө жүрөбүз, мындай дарт качан кантип жабышып калаарын эч ким билбейт экен.
Операция жасалып, күнүнө дарыларына 551 лирадан кетип жатат экен.
Маселе – Айнура эжени Кыргызстанга жөнөтүү.
Айнура эжени тааныгандар барбы?
Азыр Antalya Bölge Hastanesi Акдениз клиникасында, блок 2а да жатат.
Айнура эженин маселесин мамлекеттик деңгээлде чечүү керек го, эгерде эс-тутумун да жоготуп койсо…
Кайрылып жазган эженин WhatsApp номери: +996 557 425 576”, деп жазылган.
2 күндөн бери WhatsAppтан бир эже Анталиянын клиникасында жаткан Айнура эже тууралуу жазып жатат. Туугандары дайынсыз…
Опубликовано Жылдыз Осмоновой Вторник, 16 апреля 2019 г.