ВИДЕО: Сууга чөгүп кеткен 5 жаштагы Барсбекти Казакстандын суучулдары издеп баштады

127

2019-жылдын 17-апрель күнү Чүй облусунун Аламүдүн районунун Константиновка айылындагы Ат-Башы каналына чөгүп кеткен 2014-жылы туулган бөбөктү издөө иштери улантылды. Издөө иштери таңкы саат 8:30да башталып, ӨКМден жалпы 134 куткаруучу, 3 жеңил кайык тартылды. Өз ара кызматташуунун негизинде Казакстан тараптан 4 суучул тартылып, Чу дарыясынын эки жээгинде тең издөө иштери жүргүзүлдү

Эске салсак, 11-апрель күнү саат 18:25 чамасында Чүй облусунун Аламүдүн районунун Константиновка айылындагы Ат-Башы каналына 2014-жылы туулган Б.Б. аттуу бала чөгүп кеткен.

Аны издөөгө куткаруучулар тартылып, бирок жыйынтык чыккан эмес.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь