Экс-башкы прокурор Индира Жолдубаева Дача-СУдагы кырсык боюнча эч кимге комментарий берген эмес. Бул туурасында Жолдубаева April.kg порталына билдирди.
«Бул боюнча бир гана нерсе айта алам: мен эч кандай комментарий берген эмесмин. Жана бул иш боюнча эч кандай түшүндүрмө бере албайм. Бардык расмий маалыматтар укук коргоо органдарында сакталууда. Мен билгенден тергөөгө эч ким эч кандай жол менен басым жасаган эмес, документтерди жок кылышкан эмес, прокуратурага эч кандай көрсөтмө берилген эмес», -деди экс-башкы прокурор.
Эскерте кетсек, буга чейин Telegra.ph ачык платформасында Дача-СУдагы кырсык боюнча тергөө чогулткан документтер Алмазбек Атамбаев тарабынан жок кылынганы туурасындагы материал жарыяланган.