Кыргызстанда азайып бара жаткан же жоголуу коркунучунда турган “Кызыл китепке” кирген жаныбарлар тийиштүү деңгээлде корголуп жатабы же өлкөбүздүн экологдору баа бергендей, алар жең ичинен атылып, коррупциялык элементтер бул тармакта байма-бай байыр алганбы?.
Жаныбарларга болгон аёсуз мамиле канткенде токтойт? Бул туурасында жаратылышты коргоонун эмгек сиңирген кызматкери 17 жыл Токой-Чарба министри кызматында эмгектенген Туратбек Мүсүралиев менен “Элдик Талкуу” программасынын алкагында, маектин жүрүшүндө, Кыргызстандын жаратылышы кооз жана дүйнөдө жок жаныбарлар коргоого алынганын баса белгилеп, бирок ошол байлыктарыбыз керектүү денгээлде корголбой жатканына нааразы болду
Опубликовано Eldik.Media Среда, 17 апреля 2019 г.
Аталган талкууга кыргыз республикасынын өкмөтүнө караштуу курчап турган айлана- чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов да чакырылган. Бирок ал түз эфирге келем деп убада берип, баштааларга саналуу мүноттөр калганда, маекке катышуудан баш тартты. Эгер Абдыкалык Рустамов келгенде ” Кызыл китепке алынган жаныбарларды атып, алар менен сүрөткө түшкөн Акылбек Жапаровго окшогон аткаминерлерге кандай чара көрүлөт?” деген суроо берет элек. “Eldik.Media” порталы, жогорудагы сурообузга жооп берээр деген ойдобуз.