Кыргыз күрөшү боюнча Кыргызстандын биринчилиги жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия, спорт жана жаштар иштери боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди.
15-16-апрель күндөрү Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда кыргыз күрөшү боюнча өлкө чемпиондугу өттү. Ага өлкөнүн 7 облусунан жана Бишкек, Ош шаарларынан 300гө жакын спортчу катышты.
Мелдештин жеңүүчүлөрүнө “Кыргыз күрөшү боюнча республиканын спорт чебери” наамы ыйгарылды.