Жогорку Кеңеш башкы прокурордун 2018-жыл үчүн отчетун жактырды.
Бүгүн, Жогорку Кеңеш жыйынында 2018-жылы мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу Башкы прокурорунун отчету угулду.
Андагы маалыматка ылайык, өткөн жылы мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана кызмат адамдары тарабынан 38 971 мыйзам бузуучулук аныкталып, аларды четтетүү боюнча 14 020 прокурордук актылар түзүлгөн. Анын негизинде тартиптик жана административдик жоопкерчиликке 9948 адам тартылып, 962 жазык иши козголгон.
Ошондой эле мамлекетке келтирилген зыяндардын ордун толтуруунун суммасы прокурордук актылардын негизинде 947 635 406 сомду түзгөн