Жыл башынан бери апрель айына чейин Бишкек ШИИБда 10600 кылмыш иши катталган. Ал эми бул иштерди 168 гана тергөөчү тергейт. Бул аздык кылып жаткандыктан, тергөөчүлөргө күч болуп жаткандыгы бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында айтылды.
Депутат Талант Мамытов вице-премьер-министр Жеңиш Разаковго кайрылып, тергөөчүлүк штаттык бирдиктерди ачуу боюнча сунуштады. Себеби арыздар көп, бирок тергөөчүлөр аз болгондуктан аларга муктаждык чоң болууда.