Түркияда алты кыргызстандык жаран сексуалдык кулчулуктан куткарылганын айрым маалымат булактары жазып чыкты. Маалыматта айтылгандай, Анкарада 16-апрелде полиция 11 үйдө тинтүү жүргүзүп, натыйжада 6 кыргызстандык, 4 өзбекстандык жана үч казакстандык сексуалдык кулчулуктан куткарылган.
Ошондой эле, тинтүү учурунда бир нече мылтык, акча жана телефон табылганы маалыматта айтылат. Ал эми бул иштерге тиешелүү деп 3 түрк жараны кармалып, тергөө башталды