Бишкек шаарынын күнүнө карата 60 автобус жол каттамына чыгат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев «Фейсбук» баракчасына жазды.
“20-апрелден кийин шаарга мурда сатып алынган 60 автобус келет. Жаңы автобустарды 29-апрель шаар күнүндө каттамга чыгарууну пландап жатабыз. Учурда алардын каттамы боюнча иш жүрүүдө. Автобустар жетишпеген каттамдарга кошумчалап, борбор жакта маршруттук унааларды аларга алмаштырышыбыз мүмкүн”.
Бул маселе бир ай ичинде чечилээрин Б.Түлөбаев кошумчалады.