Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин ишин карап мыйзам чегинде жардам берүүгө даяр экендигин билдирди.
“ Жаңы ачылган жагдай боюнча иш Жогорку Сотко берилген. Жаңы жазык-процесстик кодекстин негизинде тараптар өздөрү сотко бергенге акылуу. Бардыгын мыйзам чегинде караганга даярбыз.”
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сайдулла Нышанов Өмүрбек Текебаевдин мамлекетке ат көтөргүс салымын эске алып, аны чыгарууга аракет кылуу керектигин айтты.
Ошондой эле депутат Бахадыр Сулейманов дагы кесиптешинин сөзүнө кошулуп, Башкы прокурорго обьективдүү баалоого чакырды.