Эл өкүлү Салайдин Айдаров мамлекеттин эң баалуу байлыктарынын бири жер болгондуктан, жер маселесине байланыштуу көптөгөн маселелер жаралат. Мындан улам башкы прокуратуранын бул багытта аткарган иштерине суроо салды.
Башкы прокурор Ө.Жамшитов маалымдагандай “2018-жылы мыйзамсыз ээлеп алган 180 гектарды түзгөн жер, жалпы наркы 380 018 749 млн.сомдон ашуун каражаттагы 158 жер тилкеси мамлекетке кайтарылган.”
Республика боюнча жер мыйзамдарынын аткарылышына ар кандай фактылар менен 87 кылмыш иши козголгон. Курлуш жана архитектура мыйзамдары боюнча 16 кылмыш иши козголгон.
Бүгүн Жогорку Кеңеште 2018-жылдагы өлкөдө мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов маалымат берүүдө.