2018-жылы террордук маанайдагы маалымат жазып, тараткан 139 интернет сайт жабылган

354

Былтыр Башкы прокуратура экстремисттик жана террордук маалыматтарды тараткан интернет булактарын жабуу жөнүндө 31 доо арыз келтирген. Жыйынтыгында соттор тарабынан 139 интернет сайтына жана 220 интернет баракчасына тыюу салынган. Мындай маалыматты башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеште билдирди.

Ошондой эле, улуттар аралык касташуу жөнүндө мыйзамдардын аткарылышы боюнча прокуратура органдары тарабынан 490 мыйзам бузуу аныкталып, алар боюнча 108 сунуш, 30 талап, 22 мыйзамды бузууга жол берилбестик жөнүндө эскертүү келтирилгенин кошумчалады. Мындан сырткары, актылардын негизинде тартиптик жоопкерчиликке 119 кызмат адамы тартылганын билдирди.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь