Адил Турдукулов: «Атамбаев бийликке келгенде дөөпөрөс шоопур, жансакчыларына кызмат берет да, оппозицияда калганда бизге кызыгат.

354

Адил Турдукулов: «Атамбаев бийликке келгенде дөөпөрөс шоопур, жансакчыларына кызмат берет да, оппозицияда калганда бизге кызыгат…”

Адил Турдукулов “Азия NEWS” гезитине маек берип, анда Атамбаев боюнча берилген суроолорго төмөндөгүчө жооп берди.

Адил, КСДПнын саясый кеңешине кирүү менен коомдук процесстерге карата көз карашыңда өзгөрүүлөр болдубу?

-Мен 2004-жылдан бери КСДПдамын 2010-жылдан баштап партия жана анын лидери, социал-демократиянын идеяларынан кыйла эле тайган, ошондуктан, мен дагы аларга карата көп сын-пикиримди айтып келген болчумун. Атамбаев өзү 30жылдан бери активдүү түрдө саясатта. Бийликте жүргөндө тилалчаак, акчаны жакшы көргөн жаш балдар же дөөпөрөс шопур, жансакчыларына бийликтин чоң бөлүгүн берип коетда, оппозицияда оор убакыттарда өзүнө каяша айта алган, “оор калибрдеги” салмагы бар саясатчылар менен эсептешип, саясий блок түзүүгө умтулат. Акыркы кыйын абалда ал сценарий менен барууга мажбур болуп жатат. КСДП азыр бийликке карата ачык оппозициядагы альтернативалык күч. Ошону менен бийликтин авторитаризмге ыктап, үй-бүлөлүк башкарууга бөгөт кое алат. Ошондуктан азыркы саясый процессте КСДПнын ишмердүүлүгү абдан маанилүү. Буюрса биздин алдыбызда 2010-жылы парламенттик шайлоодо биринчиликке жетип, жаңы, таза өкмөттү түзүү. Ошого мен өзүмдүн салымымды кошо берем.

-Атамбаевдин тарапташтары Исаков, Кулматов, Ибраимов жана башкалардын соттук процесси жабык өтө берсе, аларды да “саясый туткун” деп чыкпайбызбы? Ушул жагынан соттук иштерге байкоочу катары жүрөсүңгө…?

Так кесе “сясый куугунтук” деп айтууга бул жерде азырынча негиз жок, анткени, булардын абактагы аткаминерлер, Атамбаевге жакын чоролору болгондон башка, азыркы бийликке акарат айтып, сын-пикирин бир да жолу билдиришкен эмес. Бирок, алар катышкан соттукт процесске журналисттерди киргизбей жаткандыгы жана жабык өткөнү-саясый бир өңүттө басымдын белгиси.

-Текебаев Жапаров жана Чотоновду колдоо митингине 23-апрелде барат турбайсыңбы? Муну ошондой КСДПнын төрагасы Атамбаевдин да тымызын колдоосу катары түшүнсөк болобу…?

-Жок, анадй эмес. Ал митинге катышуу-бул менин атуулдук парзым.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь