ВИДЕО: Талас шаардык аскер комиссарынын башчысы пара алып жатып кармалды

Үстүбүздөгү жылдын, 15-апрелинде Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Талас шаардык аскер комиссарынын башчысы полковник Ж.А. 25 000 өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан учурунда кармалды.

Такталган маалыматтар боюнча, кармалган адам паспортту кайтаруу жана арыздануучуну аскер комиссариятына каттоого коюу үчүн жергиликтүү тургундан 25 000 өлчөмдөгү акча каражатын талап кылган.

Материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси(опузалап пара талап кылуу) кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки териштирүүнүн негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь