Кыргызстанда 2020-жылы боло турган Парламенттик шайлоодо саясий партиялардын шайлоо күрөөсүн төмөндөтүү демилгеси коюлду. Мындай сунуш менен «Жаратман эл», «Асаба», «Улут ордо» сыяктуу бир катар партиялар айтып чыгышкан.
Демилгечилердин пикирине караганда мыйзам долбоору элдик демилге менен 10 миң кол топтоо аркылуу сунушталат. Жаңы сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, күрөөнү 5 миллион сомдон 1 миллион сомго төмөндөтүү болуп саналат. Кол топтоо 12-апрелде башталган, учурда миңге жакындап калды.
Демилгечи топ кол топтоону 20-майга чейин бүтүрүүнү пландаштырууда.