Каталар парадын “Мужиктер” толуктады (Сүрөт)

277

Мирбек Асаналиев аттуу фейсбук колдонуучусу 2-класстын окуу китебиндеги кетирилген катаны жарыялады. Анда Л.Толстойдун кыргыз тилине которулган “Калпычы” чыгармасынын мазмунунда “Мужиктер” деген сөз которулбай калып кеткен. Мындай ката социалдык тармактын колдонуучуларынын кызуу талкуусун жаратты.

Эске салсак, буга чейин дагы мектеп окуучуларынын китептеринде каталар кетирилип, ага Билим берүү министри Гулмира Кудайбердиева:

“Китептеги каталар үчүн окуу куралдарын басып чыгарган басмакана жооптуу. Анткени алар менен түзүлгөн келишимде редактор, корректор сыяктуу ката текшерген адистерди басмакана алышы керек болчу. Министрликте андай штат каралган эмес. Мен ар бир китепти карандаш менен текшерип отура албайм да. Билим берүү академиясы болсо китептин мазмуну билим берүү стандарттарына туура келеби, жокпу, ошону гана текшерет. Бул каталар үчүн биз басмакананы сотко беребиз деп айттык”, деген жообун берген

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь