Кыргызстанда кыймылсыз мүлк сатып алгандар көбөйдү

231

2019-жылы I кварталда турак жай сатуу жана сатып алуу өскөнү байкалган. Сатуу жана сатып алуу мамилелери 2.64% жогорулаган. Ушул эле маалда Талас областында сатып алуулар көп катталып, 22.81% түзгөнү “Акчабар” порталы жарыялады

Күрөөгө коюлган имараттардын саны 14.09% жогорулаган.

«Чүй областында ижарага алуу активдешип, ал 52.07% өскөн, Жалал-Абадда 22.6% өсүп, Ошто 38.46% жогорулаган. Республика боюнча ижарага берүү кыскарып 9.73% кеткен» деп билдирген Мамлекеттик каттоо кызматында.

Кыймылсыз мүлк рыногунда турак жайды мураска берүү көбүүрөк жасалып, ал 12.15% өскөн. Бирок, жалпы өсүү Ысык-Көл, Нарын менен Ошто байкалган эмес.

Ушул жылдын I кварталында мүлктү каттоо жана мурска берүү келишимдери өсүп, 9.57% менен 32.71% түзгөн.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь