Матраимов менен болгон жолугушууда сыртка чыгарылган элдер боюнча милиция жооп берди

138

Ош облусунун милициясы 30-мартта Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов менен болгон жолугушуудан бир гана киши сыртка чыгарылганын билдирет. Алардын маалыматына ылайык, тургундар жолугушууда Тилек Матраимовду эмес, Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Эрмат Исмаиловду сынга алышкан. «Исмаиловдун тарапташтары айтыша кетишип, [Исмаиловду сындагандардан] микрофондорун жулуп алууга киришишти», — деп айтышты милициядан.

Милициядан маалымдашкандай, чогулгандардын ортосунда жаңжал чыгып кетпеши үчүн Исмаиловдун тарапташтарынын бирин залдан чыгарышкан.«Кээ бир жалпыга маалымдоо каражаттары бул окуя боюнча туура эмес маалымат таратышууда», — деп айтылат Ош ОИИБинин пресс-релизинде.

Эске салсак, Тилек Матраимов менен жолугушуу 30-мартта өткөн. Чогулушта ошондой эле Исмаиловдун Папан айыл өкмөтүнүн башчылыгына кайтып келүүсү талкууланган. Айрым маалымат каражаттарында “Тургундар айылдык кеңештин иштерине нааразы болушту, бирок сын-пикир айтууга аракет кылгандарды залдан чыгарышкан”, деген маалымат тараган

Булак: “kloop”

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь