Перунун экс-президентин кармоо учурунда өзүнө ок атып каза тапты

257

Перунун экс-президенти Алан Гарсияны Лимадагы үйүндө кармоо учурунда өзүн-өзү атып каза болду. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Маалыматка ылайык, ал Бразилиянын «Odebrecht» курулуш компаниясынан 100 миң доллар пара алган деп айыпталып, 10 күндүк сурак камагына өкүм кылынган

Ички иштер министри Карлос Морандын айтымында, ал адвокатына телефон чалып алууну сурап аркы бөлмөгө кирип кеткен. Ошондо өзүнө ок чыгарган. Ал өзүн башына атып алгандыктан, даарыгерлер дагы жардам бере алган эмес.

Эске салсак, Алан Гарсия Перу мамлекетине 2 жолу: 1985-1990-жылдары жана 2006-2011-жылдары президент болуп шайланган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь