Көпчүлүккө төшүн ачык көрсөтүп, мода кылып таанымал болгон казактын депутат-модели Динагүл Тасова кайрадан коомчулуктун көнүл чордонунда. Ал Нур-Султандагы болуп өткөн кечеде, кайрадан ачык кийимде мода көрсөткөн. Ал сүрөтүн инстаграм баракчасына жарыялады. Өзү мындай кадамын: “Мен модель катары көптөгөн чет өлкөлөрдө сахнага чыгып келгенмин. Өзүбүздүн өлкөдө чыгууну кыялданчумун.Кече жогорку деңгээлде өттү”,- деп билдирүү жазган
Динагүл Тасова шаардык жаштар маслихатынын 7-чакырылышынын депутаты. Буга чейин дагы ачык кийим кийгени үчүн коомчулуктун сынына кабылган.