Текебаев: “Мени камашпаса Атамбаевге импичмент жарыяланмак”

163

Бул жума Сиздин жакындарыңыз, тарапташтарыңыз жана жеке өзүңүз үчүн өзгөчө апта. 23-апрелде сот Сиздин ишиңизди карайт. Ошол эле күнү Бишкектеги эски аянтта “Ата Мекен” партиясы митинг өткөрөрүн билдирди. Аны өткөрүүгө мэрия тарабынан уруксат алынганы дагы жарыяланды, демек, митинг болот. Митингдин негизги талаптары Сизди, Дүйшөн Чотоновду, Садыр Жапаровду актап, камактан бошотуу болору күтүлүүдө. Мындай талаптар эмнеге негизделген?

—Биринчиден, биздин митинг тынчтык акциясы экенин белгилеп кетейин.

Экинчиден, эч ким бийликке ультиматум койбойт, бул өтө маанилүү. Биз Кыргызстанда сот жана укук коргоо системалары реформага муктаж экени тууралуу бийликке белги берели деп жатабыз. Жана бул реформаларды болушунча тез ишке ашыруу керек. Ошондуктан алдыда боло турчу митинг Текебаевди, Чотоновду, Жапаровду гана актоо эмес, анын мааниси тереңде. Биздин тарапташтар мыйзамдуулук жана адилеттүүлүк үчүн күрөшүп келишет. Ак үйдүн буйругу менен же пара алуу менен маселени чечкен сот тармагынын курмандыгы мен эле эмесмин. Андайлар ондоп, жүздөп саналат. Биздин митинг сот системасынан жана тергөө органдарынан жабыркагандардын пайдасына карата өткөрүлөт. Биздин иш башка сот процесстеринин катализатору болуп калышы мүмкүн.

Ал эми митингдеги талаптардын бири болгон Чотоновду, Жапаровду жана мени бошотуу бул кадимки көрүнүш. Бизге карата ачылган иш толугу менен жасалма. Ушунчалык одоно жана копол жасалган иш экенине жана менин күнөөм жок экенине, кылмыш ишинде, тергөөдө, сот процесстеринде саясий мотивдер бар экенине мени анча жактыра бербеген адамдардын дагы көзү жетти. Процесстер массалык маалымат каражаттары аркылуу чагылдырылып жатты, бул үчүн аларга ыраазычылык билдирем. Бүтүндөй өлкө бул жасалма иш экенине күбө болушту. Баардык коомдук-саясий күчтөр өз позицияларын билдиришти. Парламенттин фракция лидерлеринин баары бизди колдошту. Роза Отунбаева, Феликс Кулов, Темир Сариев, Абдыганы Эркебаев, Медеткан Шеримкулов сыяктуу көптөгөн мамлекеттик ишмерлер, андан сырткары жарандык сектордун лидерлери дагы бизди колдошту. АКШнын мамлекеттик департаменти дагы биздин пайдабызга билдирүү таратты. Биздин кайрылуубуз БУУнун адам укугу боюнча комитетинде катталган жана каралмакчы. Алар дагы тергөө маалында, сот процесстеринде Конституция, башка мыйзамдар, биздин укуктарыбыз одоно бузулганын көрүшөт деп ойлойм.

— Сизге карата кылмыш иши Атамбаев менен болгон конфликттен кийин козголгону сыр эмес. Бирок башында “Белизгейт” деген болгон эле…

— Мен мурда айткандай, Атамбаев менен Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн араздашуусу 2016-жылдын 31-августунда Эгемендүүлүк майрамында ачыкка чыкканын айткам. Атамбаевдин Роза Исаковнанын дарегине карата айтылган ачуу сөздөрүнөн кийинки күнү мен парламентте билдирүү жасадым. “Ата Мекен”

партиясынан Атамбаевге коркунуч жарала баштады, себеби биз парламентте болчубуз жана парламенттик куралдарды колдоно алмакпыз. Атамбаев өзү иштеп чыгып, УКМКнын башчысы Сегизбаевге “Белизгйт” тууралуу тапшырма берген. Эсиңиздерде болсо, ошол маалда Абдиль Сегизбаев мени, Алмамбет Шыкмаматовду, Аида Салянованы Альфа-Телекомдун 51% акцияларын Максим Бакиевге сатууга аракет кылышты деп күнөөлөгөн. Өз сөзүнүн далили катары Сегизбаев Белиздеги органдардан расмий кагаз алгандыгын айтып, көрсөткөн. Бул иш дагы атайылап жасалган.

—Сизди саясий айдыңдан четтетүү үчүн кандай чара ойлоп табышканын окурмандардын эсине сала кетпейлиби…

— Мени жана Чотоновду 2010-жылы Россиянын жарандары Леонид Маевский жана Алексей Модин менен жолугушуп, аларга Альфа-Телекомдун акцияларын алууга жардам беребиз деп сөз берип, ал үчүн 1 млн доллар сураган деп айыптап чыгышты. Профессордон баштап, үй кожейкелерине чейин айыптоо үчүн негиздер керек экенин билишет. Тактап айтканда, кылмыш кылганы тууралуу факты, аны кылган жери, аны кандай жол менен кылганы аныкталышы керек. Анан албетте, жүйө болушу керек. Тергөө жана сот 2010-жылдын 13-майында саат 14:00дөн 15:00гө чейин мен Маевский менен Өкмөттөгү 306-кабинетте жолукканымды айтып жатат. Тергөө эмнегедир кылмыш жасалган күн катары 13-майды тандап алыптыр. Бул алардын чоң катасы болду. Себеби 12-13-май күндөрү Бишкекте жана түштүктө контрреволюциялык төңкөрүш жасоо аракеттери болгон. Ошондуктан бул күндөр расмий дагы, расмий эмес дагы документтерде ар бир мүнөтү жазылган. Реваншисттер түштүк облустардын баарын басып алышкан. Биз тез арада Убактылуу өкмөттүн жыйынына чогулганбыз. Саат 14:00дөн баштап Роза Исаковнанын кабинетинде жыйында болчубуз. Тергөөчүлөр айтып жаткан маалда мен Маевский жана Модин менен жолугуша албайт болчумун. Убактылуу өкмөттүн төрагасы дагы жана башка мүчөлөр мен жыйынга катышканымды тастыктап беришти. Бул тууралуу жыйындын протоколунда да жазылган. Мамлекеттик күзөт кызматынан баштап жардамчыларга чейин күбөлөр толтура. Бирок сот бул көрсөтмөлөрдү эске албай жатат. Карабай эле, баа бербей эле. Көңул сыртында калтырууда.
Андан ары барсак. Сот 13-майда кечинде мен, Маевский жана Модин “Супара” ресторанында жолукканыбызды айтып, ал жакта бизди Чотонов күтүп турганын, 2 саат бою Мегакомдун акцияларын сатууну талкуулаганыбызды айтып жатат. Бул жерде ал маалда Мегаком улутташтырыла электигин белгилеп кетүү маанилүү. Ошондуктан, бул компаниянын акцияларын сатуу тууралуу сөз да болбошу керек. Ошондой эле 13-майда саат бештен баштап 20:30га чейин мен конституциялык жыйынга катышканым боюнча далилдер бар. Ондогон күбөлөр, стенограмма, видео жазуулар бар. Бул маалда мен “Супарага” бара алмак эмесмин. Бирок сот кайрадан эле күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн, стенограмманы, видео жазууларды карабай жатат. Бул далилдер жоктой эле мамиле кылууда.

Булак “Elgezit.kg “

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь