Бишкек шаарынын күнүнө карата ат оюндары боюнча ири иш-чара өтөт

300

Бишкек шаарынын күнүнүн урматына мэрдин кубогу үчүн көк-бөрү жана  улуттук ат оюндары боюнча мелдеш өтөт. Бул тууралуу мэриянын аппаратынын жетекчиси Балбак Түлөбаев фейсбук баракчасына жазды.

Мелдештер 26-28-апрель күндөрү “Ак-Кула” ат майданында болот. Өткөрүлгөн оюндар Бишкек шаарынын 141 жылдыгына арналмакчы.

Көк-бөрү оюну боюнча Чүй облусунан жана Бишкектин 8 командасы катышат. Алар: «Көк-Жал» (Бишкек); «Четинди» (Бишкек); «Келечек» (Бишкек); «Бишкек» (Бишкек); «Төш-Булак» (Чүй облусу); «Кара-Балта» (Чүй облусу); «Келечек-Суусамыр» (Чүй облусу); «Ак-Жол» (Чүй облусу).

Жалпы байге фонду 700 миң сомду түзөт.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь