ВИДЕО: Кумсаны жылаңачтап ур-тепкиге алган видео тарады

245

Самарканд облусунда үч баланын атасы сабалып, шылдыңдоого кабылды. Бул туралуу өзү айтып берген. Маалыматты Азаттыктын Өзбекстандагы кызматы жазып чыкты. Маалыматка ылайык, ал социалдык тармактан өзүн кумса атаган жигит менен таанышып, 14-апрельде жолугушууга чакырган. Бирок кездешүү ур-токмок менен аяктаган.

“Биз “Одноклассник” аркылуу эки ай сүйлөшүп жүрдүк. Ал мени сүйөрүн, кызга окшош экенимди айтчу. Ал кечинде жолугушууга чакырды, мен ага ишендим. Белгиленген жерге келгенде төрт киши мени машинеге тыгып, Даргам каналына алып барышты жана өлтүрөбүз деп коркутушту”, -деп билдирген ал өз маегинде

Алар жигитти чечиндирип, видеого тартышкан. Жабырлануучу каналга секирип кетип аман калып, андан соң милицияларга кайрылган

Белгилей кетсек, жарандын жубайы жана 3 баласы бар.

Бул окуя 2017-жылы айрым маалымат булактарына жарыяланып, бирок видеосу бүгүнкү күндө, социалдык тармактарда кызуу талкууга алынууда

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь