ВИДЕО: Сузакта киши аты менен сууга агып кетти

204

Жалал-Абад облусундагы Сузак районунда өткөн көк бөрү оюнунда Көк-Арт дарыясын кечип өтүп келе жаткан улакчы аты менен кошо агып кеткен. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.
Окуя Сузак районунда 18-апрелде болгон.

Күбөнүн салган видеосунан суудан тура албай, агып бараткан атты көрүүгө болот. Анын ээси суунун шар акканына карабай атынын артынан барып, чылбырынан тартып башын көтөргөн.

“Аттардын бири сууну кечип өтүп баратканда мүдүрүлүп жыгылып, агып кеткен. Ат менен кошо ээси да сууга кулап, 10-15 метрге чейин агып барды. Оюнчулар ат менен ээсин куткарып калышкан”, — деди күбө.

Ал эми улакчы эч кандай жараат алган эмес.

Булак “Спутник”

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь