Дастанбек Жумабеков менен Дарига Назарбаева жолугушту

327

Төрага Дастанбек Жумабеков Казакстандын парламентинин Сенатынын Төрайымы Дарига Назарбаева менен жолукту. Бул тууралуу ЖКнын басма-сөз кызматы
билдирди.

Маалыматка караганда, эки өлкөнүн парламент спикерлери 18-апрелде Санкт-Петербург шаарында өткөн Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын кезектеги отурумдарынын алкагында болгон.

Жолугушууда эки тарап Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу сүйлөшүштү.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь