Камакка алынгандардын жакындары: “балдарыбыздын келечегине балта чабылды”

138

Камакка алынган Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлеринин жакындары арыз-муң менен чыгышты. Тендер чырына байланыштуу кармалган Данияр Бакчиевдин апасы баласы мындай ишке барбагандыгын, ал таза иштеген кызматкер болгондугун ишенимдүү айтат. Күнөөсү көрүнбөгөндөн кийин жок дегенде үй камагына чыгарып турса болмок деген эне, УКМКнын, соттун аракеттерине нааразы болду.

Райхан Мамытова: “Коррупция менен күрөш болуп жатат, бирок бөрк ал десе баш алгандай болуп айрым кызматтардын иши акыйкатсыз. Балдарыбыздын келечегине балта чаап жатышат. Ак ийилет бирок сынбайт, биз адилеттүүлүк үчүн бардык жакка кайрылабыз.”

Камалгандардын бири Руслан Сарыбаевдин жакыны “Кармалгандарды чыгарып кетүүнүн чарасын көрүп жатат деп ойлошуңуздар мүмкүн. Бирок дароо чоң кылмышкердей кылып аны камакка албай, жумушун алып кете албаса кызматынан четтетип турса деле макул элек да. Бул жакта кызмат орунду алуу үчүн жасалган иштер деген ойлор болуп жатат.”

Мындан тышкары Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Руслан Сарыбаевдин апасы бүгүнкү күндө рак илдети менен катуу ооруп жаткандыгы айтылды.

Маалымат жыйындын катышуучулары факт далилденбей туруп, жөн гана мотив менен кармалгандыгы адилетсиз дешип, бул боюнча акыйкаткачыга, Жогорку Кеңештин депутаттарына жана президентке дагы кайрылышты.

Эскерте кетсек, тендер чырына байланыштуу кармалган Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Руслан Сарыбаев, статс-катчы Данияр Бакчиев жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын башчысы Талант Абдуллаев Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга тергөө абагына камалган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь