Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы Мелис Турганбаев ТИЗО-1 менен №47 түзөтүү абагын Бишкектин чет жакасына чыгаруу үчүн документтерди даярдай баштоону тапшырды. Учурда бийлик камактагыларды кармоо үчүн ылайыктуу жер менен имарат издеп жатат. Бул туралуу “Кloop” жазып чыкты.
Так убакыттар азырынча белгисиз. Мамлекет бизге жер, имарат жана документация бергенден кийин көчөбүз […] ТИЗО жаңы ачылганда ал шаардын четинде болчу. Азыр болсо дээрлик борбордо. Көчүрүү тууралуу сүйлөшүүлөр мурдатан бери болуп келүүдө»,— деп жазылат маалыматта
Тергөө изолятору-1(ТИЗО) Бишкектин Горький жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Учурда ал жакта эки миңге чукул адам кармалууда. Ал эми №47 түзөтүү абагы Муромский жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган. Анда 500гө чукул адам кармалууда.
Укук коргоочулар менен активисттер ТИЗО-1ди көчүрүү маселесин бир нече жолу көтөрүшкөн, анткени анын шаардын борборунда жайгашканы адамдардын өмүрү менен ден соолугуна коркунуч туудуруп, андан тышкары, автоунаалардын ээн-эркин кыймылына тоскоолдук жаратышы мүмкүн.
Шаардын Башкы планына ылайык, ТИЗО-1дин аймагы аркылуу жол өтүшү керек, бирок каржылоонун жоктугунан, аны көчүрүү боюнча маселе көп жылдан бери чечилбей келет.