Атамбаев Минюстка, Президенттик Аппаратка жана Өкмөткө кылмыш иш ачуусун талап кылып Баш прокурорго кайрылды. Анда ал партиянын жобосу, мөөрү, документтери аларда экенин айтып, Юстиция министрлигинин аракетине баа берүүгө чакырды
Эске салсак кече, басма сөз жыйынында Абдрахманов мыйзамдуу түрдө партиянын лидери болуп бекитилгенин жана экс-президент Алмазбек Атамбаев төрагалыктан оодарылганын жарыялаган. Андан тышкары, партияга тиешелүү мүлктөрдү кайтарып берүүнү Атамбаевден талап кылган.